Депутат: "Жаш, таза премьер-министр шайладык деп кубанып жаттык эле, бирок эч кандай алгылыктуу кадамын көрбөй жатабыз"
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев электр энергиясы боюнча маселе көтөрдү.
"Биз жаш, таза премьер-министр шайладык деп кубанып жаттык эле, бирок акыркы убакта тармактарды өнүктүрө турган өкмөттүн алгылыктуу кадамын көрө элекпиз. Азыркы убакта эң көйгөйлүү маселе бул электр энергиясына байланыштуу.
Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз экени айтылып, бирок андан жарала турган көйгөйдүн алдын алуу боюнча иш-чаралар кабыл алына элек. Андыктан импорттоо менен гана чектелбей, электр энергиясынын башка булактарын да караштырып чыгуу зарыл", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
4

