super.kg logo

Кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун жакын тууганы Кытай жаранын карактаган деп шектелип кармалды

 

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери чет өлкөлүк жаранга каракчылык менен кол салган адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Кытай жараны арыз менен кайрылып, кылмыш жасоого тиешеси бар белгисиз жарандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган.

"2020-жылдын 11-октябрь күнү Бишкекте үч адам Кытай жараны жашаган үйгө кирип келишкен. Турак жайга кирип, ал жакта жашагандарды сабап, ири өлчөмдөгү акча каражатын жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, документтерин алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Ысык-Атадан Чүй облусунун 28 жаштагы тургунун кармашкан. Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун жакын тууганы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.04.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары мурда түрмөгө жатып чыккандар. Түрмө - кылмышкерлер бандиттик ыкмаларын өркүндөтө турган мекеме. Анан эле бандит, каракчы эмес, авторитет болуп калышат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: