super.kg logo

Сүйүктүү клибиңизге добуш бериңиз. "Супер хитке" Нурмат Садыровдун "Сүйгөн жүрөк" клиби кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын бейшемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Нурмат Садыровдун "Сүйгөн жүрөк" аталышындагы клиби кошулду.

1-АПРЕЛДЕН 8-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" клиби эң аз добуш топтоду.

9-орун - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" видеокомпазициясына буюрду.

8-орунга - Айгерим Расул кызынын "Роза" видеоклиби жайгашты.

7-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" чыгармасы ээледи.

6-орунду - Темир Назаровдун "Ойно, ойно" видеокомпозициясы ээледи.

5-орунга - Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" ыры жайгашты.

4-орунду - Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" чыгармасы камсыздады.

3-орун - Айя Садырованын "Суктанам" ыры алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Айганыш Абдиеванын "Жүрөгүңүздө ким бар?" клиби ээледи.

1-орун - Чолпон Талипбектин "Сүйөм дедиң" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: