super.kg logo
  Саясат  

Депутат Маматалиев дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузатка жардам берүүгө чакырды

 

Депутат Марлен Маматалиев дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузатка жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аруузат деген кичинекей кызыбыз тууралуу маселени көтөргүм келет. Көчөлөрдү кыдырып ыктыярчылар иштеп жатат. Орозо айында жардам берип койсок туура болот эле. Министрлер бир айлыгынан, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан акча бөлөлү. Бай адамдар да жардам берип койсун. Партиялар шайлоо алдында эле чыга бербей, азыр жардам берели", - деди ал.

Буга чейин Аруузат аттуу бир жаштагы кыз сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап келгендиги тууралуу жазып, кайрымдуу элден колдоо күткөн апасынын баяны чыккан. Апасы Жылдыз Ташматова кызы Аруузат март айында экиге чыгаарын, ошого чейин алар эң кымбат дары катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген "Золгенсма" дарысын алып үлгүрүүсү керектигин айтып берген .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: