super.kg logo
  Спорт  

Олимпиадага жолдомо уткан эки кыргыз балбан кыз Азия чемпиондугунун финалына чыкты

 

Бүгүн, 15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова жарым финалга чейин жетип, анда түштүк кореялык Ен Сун Жонг менен кез келип, атаандашынын үстүнөн таза жеңишке жетти. Эми финалда Жуманазарова монголиялык балбан кыз менен кез келет.

Ал эми Азия чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы жарым финалда түштүк кореялык Сейун Жаонг менен кез келип, атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.

Ал эми 59 килограмм салмакта килемге чыккан Нураида Анаркулова жарым финалда атаандашына жеңилип калды. Бирок кыргыз балбан кызы коло байге үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы ушул эле шаарда 9-11-апрель күндөрү өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадага жолдомо уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.04.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар,ийгилик каалайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: