super.kg logo

Кызыл-Кыядагы аялдамадан Ноокаттын тургунун тоноп кеткенге шектелген жаран кармалды

 
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын 47 жаштагы тургунун Кызыл-Кыя шаарындагы аялдамада бейтааныш 2 жаран тоноп кетишкен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаранды 9-апрель күнү саат 23:40тар чамасында күч колдонуп, базар баасы 11 миң сомдук телефонун жана чөнтөгүндөгү 12 миң сом акчасын тартып алышкан.
"Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ноокат районунун Жийде айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: