super.kg logo

Жалал-Абадда аюуну өлтүргөн жаранга карата кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда

 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылынын тоолорунан Кызыл китепке кирген аюуну өлтүрүп, терисин алып кетип бараткан жаран кармалган.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын облустук милициядан билдиришти.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев Жалал-Абад ОИИБине кайрылган.

"9-апрель күнү саат 12:30 чамасында Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан Базар-Коргон районунун 1971-жылы туулган Э.Ж. аттуу тургуну бир күрөң аюуну өлтүргөнү аныкталган. Ал терисин сумкасына салып көтөрүп келе жаткан жеринен кармалып, акт түзүлгөндүгүн жана 1 миллион сом доо коюлгандыгын билдирген.

Бул окуя Базар-Коргон РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 293-берене "жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: