super.kg logo

"Кылым алдамчысы" атыккан АКШлык Бернард түрмөдө көз жумду

 

Миллиарддаган долларды алдап алуу боюнча 150 жылга эркинен ажыратылган АКШлык алдамчы Бернард Медофф түрмөдө көз жумду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал 14-апрелде 82 жаш курагында Түндүк Каролинанын Батнер шаарында көз жумган. "Кылымдын алдамчысы" атыккан Бернард Медофф 2009-жылдын июнь айында инвесторлорду алдап кетти деп 150 жылга эркинен ажыратылган.

"Ал АКШнын тарыхындагы эң ири каржы пирамидасынын негиздөөчүсү болуп саналат. Алдамчылыктын курмандыгы жөнөкөй жарандар эмес, көптөгөн белгилүү музыканттар, кино жылдыздары, ошондой эле дүйнөдөгү ири банктар болгон. Ал сотто АКШнын көзөмөл органдары менен инвесторлорун 20 жыл бою алдап келгени үчүн күнөөсүн моюнуна алган. Соттун чечими менен ал жабырлануучуларга дээрлик 171 миллиард доллар кайтарып бермей болгон. Бирок федералдык өкмөт төрт миллиарддан бир аз көбүрөөк каражатты гана топтой алган. Алдамчылыктан келтирилген негизги чыгым болжол менен 65 миллиард долларга бааланган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.04.2021. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына сага алдамчы деген ушундай болсо... 171 млрд доллар
А биз болсо 5млрд карызыбыз дан коркуп жүрөбүз
16.04.2021. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asmat84,))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: