super.kg logo

Наркы 2 миллион 500 миң сомго чукул. Чүйдө көчмө Автопатруль-Радар аппаратын унаасы менен сүзүп, качып кеткен жаран кармалды

 

Чүйдө "Коопсуз шаар" көчмө Автопатруль-Радар аппараттык-программалык комплексин унаасы менен сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 15-апрелде саат 15:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Бообек айылынан, Кемин районунун 37 жаштагы тургуну өзүнө таандык кара түстөгү жол тандабас унаасы менен "Коопсуз шаар" көчмө "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексин сүзүп, тебелеп белгисиз тарапка качып кеткен.

Жогорудагы автоунаа изи сууй электе Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып айып короосуна киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Белгилей кетсек, көчмө Автопатруль-Радар аппараттык-программалык комплексин наркы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөт.






Көчмө Автопатруль-Радар аппаратын унаасы менен сүзүп, качып кеткен жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
15.04.2021. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Респект жигит туура кылыптыр тойгозду ушул три ножка коопсуз шаар
15.04.2021. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы кылыптыр туура эле уважуха
15.04.2021. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарынын эле духу жете бербейт
15.04.2021. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец
15.04.2021. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец бирок кармалып калганы жаман болуптур
15.04.2021. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кылыптыр. Эмижаны акумлятор алып берип кутулса болот. Башкалар деле милиярд жеп милион толоп чыгып жатышпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: