super.kg logo

Индонезияда 16 жаштагы кыз сейрек кездешүүчү ооруга чалдыгып, анын кесепетинен он күндөн ашык ойгонбой уктаган

 

Индонезияда 16 жаштагы кыз сейрек кездешүүчү ооруга чалдыгып, анын кесепетинен он күндөн ашык ойгонбой уктаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы Сити Раиса Миранда аттуу кыз 1-апрелде уктап, тогуз күн катары менен ойгонгон эмес. Кыз 9 күндүн бир бөлүгүн ооруканада өткөргөн, андан кийин ата-энеси аны үйүнө алып кетишкен. Убагы менен аны тамактандырыш үчүн же ажатканага алып барыш үчүн аны кыска убакытка кыйынчылык менен араң ойготуп турушкан. Бирок ал кайрадан уйкуга кеткен. Ошентип 10-апрель күнү кыз ойгонгон, бирок бир күндөн кийин ал кайра уктап калган.
12-апрелде индонезиялык басылмалардын бири кыз дагы деле ойгоно электигин жазып чыккан. Андан кийин кыз ойгондубу же ойгоно электиги тууралуу маалымат айтыла элек.
13 жашында кызга Клейн-Левин синдрому диагнозу коюлган, ал "уйкудагы сулуу" синдрому деп да аталат.
"Эгерде синдром болбосо, анда баары жакшы болмок. Ал мектепке барат, достору менен ойнойт. Коронавирус пандемиясы учурунда дагы онлайн сабактарды жана тапшырмаларды жакшы аткарган", - деп билдирген атасы.
Клейн-Левин синдрому - сейрек кездешүүчү неврологиялык оору. Анын кесепетинен адам гиперсомния абалына түшүп, узак убакытка чейин уктай берет. Аталган оору көбүнчө өспүрүм курактагыларда кездешет. Ошондой эле миллион кишинин бири бул ооруга чалдыгат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: