super.kg logo

"Күңүрт түстөгү унаа айдагандарга айып салынат". Түркмөнстанда ак түстөгү унааларды гана колдонуу талап кылынууда

 

Түркмөнстанда унаалардын сырткы көрүнүшүнө жаңы талаптар киргизилди. Жаңы эрежелердин катарында - транспорттук каражаттардын бардык бөлүктөрү, анын ичинде заводдук бөлүктөрү да ак түстө болушу керек. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын жазганына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, унааларга карата жаңы талаптар апрель айында белгилүү болуп, мамлекеттик мекемелердин балансында турган унааларды массалык техникалык кароодон өткөрүү башталган.

Эми мамлекеттик мекемелердин бардык унаалары, анын ичинде автобустар, маршруттук таксилер, жеңил унаалар, почта транспорту толугу менен ак түстө болушу керек. Буга чейин мындай талап менчик унааларга гана тиешелүү болгон.

Маалым болгондой, унаада күңүрт түстөгү бөлүктөр болсо, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктөн баш тартышат. Унаа тетиктерин ак түскө боёодо талаптардын тизмеси көбөйөт.

Эгерде кимде ким бул талаптарды аткарбаса, айдоочуга айып пул салынат жана унаасы айып короосуна токтотулат.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын январь айында Түркмөнстанда кара түстөгү унааларды эксплуатациялоого тыюу салуу чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу кара түстөгү унааларды полиция кызматкерлери көчөдө токтоп турган жеринен эле камакка алышып, эвакуатор менен айып аянтчасына жеткиришкен.

Ошондой эле маалыматта кара түстөгү унааларга салынган тыюудан улам Түркмөнстанда унааларды башка түскө боёо эки эсе кымбаттаган.

2019-жылы май айынан тарта полиция кызматкерлери түстүү жана күңүрт түстөгү унааларды токтотууну жана айдоочуларга айып пул салууну токтоткон. Бирок 2020-жылы кайра эле кара түстөгү унааларды камакка алуу жандандырылган. Жадакалса, дөңгөлөктөрү кара тегереги бар жеңил унааларды да айып төлөөчү жайга токтотушуп, ээлери айып пул төлөп, унаасын ак түскө боёого аргасыз болушкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.04.2021. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка башка чапса,өз билгенин кылгандарды арким оз каалагандай свет алат да президенти коооп кетиптир,элди кыйнап.
16.04.2021. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайдын алдына барганда кантээр экен бу президент?( адамдан өткөн мыкаачы, таш боор, өзүмчүл жан жок болсо керек. Түркмөн калкына сабыр!
16.04.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул уже 99 болуп калган. Өзүнүн аракетине жооп бере албай калган абалдагы Президент.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: