super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө 80 миллиондой адам коронавирус инфекциясынан айыкты

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 138 миллион 827 миң 781 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 79 миллион 53 миң 269 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 984 миң 199 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 16-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 495 миң 164 болду. 565 миң 283 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 14 миллион 743 миң 564 адамдан аныкталды. 173 миң 123 адам каза болсо, 12 миллион 429 миң 564 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 13 миллион 746 миң 681 адам вируска кабылган. 365 миң 444 бейтап көз жумса, 12 миллион 84 миң 851 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: