super.kg logo

УКМК: "Бишкек мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган"

 

УКМК тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү ("ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары, бюджеттик каражаттарды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарга жумшоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы №60 "Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүлгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошол эле учурда бул жарандык долбоорлор жалаң гана БШКнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу Бишкек шаарынын мэриясы эмес түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылган.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: