Салык кызматы: "Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миң 910 таңгак тамеки жана 760 бөтөлкө алкоголдук ичимдик тартып алынды"
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунан акциздик маркасы жок 2 миң 910 таңгак тамеки табылды. Сокулук районунан лицензиясы жок алкоголдук продукция саткан дүкөндөн 760 бөтөлкө тартып алынды. Ишкердик субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен сатылган алкоголдук продукцияларды көргөндө жергиликтүү салык органына 116 номери же (0779) 61-31-89 (WhatsApp) номерине кайрылууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Tatu_8889

16.04.2021. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартып,токтуруп,кустуруп эле атасынар млндорду,неге бюджетинер толбой эле,Токтогул суу сактагычындагы суу толуп баштады...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.