Бишкекте соода борборундагы жарылуучу зат тууралуу кабардан кийин ичиндеги адамдарды "машыгуу жүрүп жатат" деп алдап сыртка чыгарышты
Борбор шаардагы "Бишкек Парк" соода борборунда сапёрлер жарылуучу зат бар же жок экенин издешүүдө. Айта кетсек, буга чейин ИИМге белгисиз бирөө телефон чалып, аталган борборго жардыргыч зат коюлганын айткан. Укук коргоо кызматкерлери ызы-чуу чыгарбаш үчүн имараттын ичиндеги адамдарды "коопсуздук үчүн машыгуу жүрүп жатат" деп алдап сыртка алып чыгышыптыр. Муну окуянын күбөлөрү билдиришти.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

