super.kg logo
  Саясат  

Баткенде “Элеттик эмгекчил аялдардын ийгилиги - коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү” аттуу конференция болуп өттү

 
Баткенде “Элеттик эмгекчил аялдардын ийгилиги - коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү” аттуу республикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу 17-октябрда ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага президенттик жана өкмөттүк аппараттардын, БУУнун Аялдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев баштаган бир катар министрликтер менен ведомство өкүлдөрү, жарандык коомчулук өкүлдөрү катышты. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Кыргызстандагы аялдардын жасап кеткен албан-албан ийгиликтери тарых барактарына жазылып калгандыгын, алардын эмгеги жаштарды тарбиялоодо чоң өбөлгө экенин эч ким тана албастыгын белгилеп, бүгүнкү күндө саясатта дагы аялдардын орду абдан маанилүү болуп келе жаткандыгын айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: