"Министрге эмне эле эксперимент жасап жатасыңар?". Саламаттыкты сактоо министринин уу коргошун ичкени талкууга түштү
Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатып, түз эфирде өзү уу коргошун ичип көрсөттү. Ал мындай дарылануу ыкмасын президент Садыр Жапаровдон үйрөнгөнүн жана туугандарын дарылаганын айткан.
Социалдык тармактардын колдонуучулары Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун ичкенин талкууга алышып, ар кандай пикирлерди калтырышууда. Арасында "Түптүн чөбүнөн уу коргошунга өтөбүз, достор!", Байкуш министрге вакцина сайып, кайра уу коргошун ичирип эле эмне эксперимент кылып жатасыңар", "Ырчы президент көрдүк эле. Мунусу врач окшойт", "Министр аман бекен?" деген өңдүү пикирлерин калтырышууда.
Буга чейин министр коронавируска каршы вакцина менен алгач өзү эмдөө жасатып көрсөткөн болчу.
Министр уу коргошун ичти










1 |