super.kg logo

MegaCom "акылдуу түзмөктөр" үчүн универсалдуу тарифти ишке киргизет

 

MegaCom компаниясы жеке абоненттер үчүн сигнализациянын бардык түрлөрү, коопсуздукту билгизүүчү, эсептегич, багыттоочулар, GPS-модулдар жана башка бардык акылдуу түзмөктөр үчүн колдонууга ыңгайлуу "Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планын ишке киргизгенин кубануу менен кабарлайт.

"Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планынын алкагында кошуп алуу үчүн 30, 90 жана 360 суткалык топтомдор жеткиликтүү.

"Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планына кошулган модулдарды колдонуунун шарттарына ылайык, MegaCom абоненттерге атайын даярдалган бышык, термо-SIM-карталарды сатып алууну сунуштайт. Бул SIM-карталар катаал климаттык шартта колдонууга ыңгайлашып, сапаттуу байланыш менен туруктуу камсыздоо максатында даярдалган:

∙ -50 °Сден +105 °С температурада;

∙ жогорку нымдуу шартта;

∙ чаңда же 5 Гцдан 500 Гц вибрацияда;

∙ электростаттык разряддан корголгон;

∙ дат басуудан сактоочу касиети бар.

Термо-SIM-картанын баасы бардык салыктарды эсепке алганда 100 сом.

"Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планына Кыргыз Республикасындагы MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан кошулууга болот.

Балансты, интернет-трафиктин, мүнөттөрдүн жана SMS калдыктарын көзөмөлдөө, PIN-2 кодун (SIM-картанын кабыгында көрсөтүлгөн) киргизүү MEGA24 тиркемеси аркылуу ишке ашырылат (тиркеме App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга жеткиликтүү).

Тарификациянын шарттары тууралуу толугураак MegaCom'дун расмий сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: