super.kg logo

Түркмөнстанда алабай тукумундагы иттердин ээлерине азык-түлүк берилет

 

Эми Түркмөнстандын Мары шаарында алабай тукумундагы иттердин ээлерине азык-түлүк берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алабай тукумундагы иттин ээлери айына 7 килограммдан ун алышы керек, анын килограммы 1 манаттан (24 сом 20 тыйын). Бул үчүн алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дүкөндөрүнө ветеринардык документтерин тапшырышы керек.
Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азык-түлүктүн бөлүштүрүлүшү боюнча расмий комментарий беришкен эмес.
Алабай тукумундагы иттердин ээлери азык-түлүктүн киргизилиши менен бийликтин бул тукумду өлкөнүн аймагында аныктоо жана каттоо аракетине байланыштуу болушу мүмкүн деп тынчсызданышууда. Анткени көпчүлүк адамдар алабай тукумундагы иттерин көбөйтүү үчүн каттоосуз багышат. Мындан тышкары, көптөгөн таза кандуу алабайлар айыл жеринде жашашат, мал чарбасында жана жайлоолордо малдарды коргоо үчүн колдонулат.
Буга чейин Түркмөнстанда Алабай майрамы негизделсе, Бердымухамедов 2019-жылы алабайга арнап китеп жазган. Ошондой эле Ашхабадда жаңы салынган турак жай комплексинде түркмөн тукумундагы алабай итине эстелик тургузулуп, анын ачылыш аземине президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү катышкан. Түркмөн башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведевге алабай тукумундагы итти белекке берген.
Мындан тышкары, "Элдик ит багаар" жана "Эмгек сиңирген ит багаар" деген ардактуу наамдар негизделген. Наам менен кошо төш белги жана "Жылдын мыкты түркмөн алабайы" деген медалдын эмблемасы да берилмей болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.04.2021. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бекерчиликтен эмне кылаарын билбей, оюна эмне келсе ошону жасап аткан кези бул кишинин.
17.04.2021. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Түркмөндөр ит болуп жаралбаганына өкүнүп жатса керек.
17.04.2021. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ит эле экенсин го
17.04.2021. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да озунчо керемет мамлекет тынч болушса болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: