Ысык-Көлдөгү Каракол суусунун жээги курулуш таштандыларынан тазаланды
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаары менен Бөрү-Баш айыл аймагынын ортосундагы Каракол суусун бойлой ташталган таштандылар тазаланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган жерди тазалап, суунун нугун багыттоого облустук, шаардык жана Ак-Суу району боюнча керектүү техникалар жана кызматкерлер биргеликте катышты.
"Аталган жерге бир канча жылдан бери курулуш жана күнүмдүк таштандылар таштала берип, узундугу 1 чакырымдан ашкан таштанды таштоочу жайга айланып калган.
Тиешелүү кызматтын өкүлдөрү тазалагандан кийин мындан ары мындайга жол бербөө максатында атайын шлагбаум коюлуп, чектөө чаралары каралды", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:41
2026-03-03
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















