super.kg logo

Германиянын канцлери Ангела Меркель көпчүлүк өлкөлөр баш тарткан AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө алды

 

Германиянын канцлери Ангела Меркелге коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын биринчи компоненти менен эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен бүгүн биринчи AstraZeneca вакцинасын алганыма кубанычтамын. Мен эмдөө кампаниясына катышкан бардык адамдарга жана эмделгендердин баарына ыраазычылыгымды билдирем. Эмдөө - пандемиядан чыгуунун ачкычы", - деп билдирген Ангела Меркель.

Маалыматка ылайык, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер дагы AstraZeneca вакцинасы менен эмделгени белгилүү болду.

Март айында Европанын бир катар өлкөлөрү эмдөөдөн кийин тромбоз жана анафилактикалык шок көбөйүп кеткендиктен AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартышкан.

Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму AstraZeneca вакцинасы менен тромбоздун пайда болушунун эч кандай байланышы жок экендигин билдирген.

31-марттан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы Германияда 60 жаштан өткөн адамдарга гана колдонула баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: