super.kg logo

Уу коргошун темасын улай... Министр Алымкадыр Бейшеналиевди илимий даражаларынан ажыратуу сунушу көтөрүлүүдө

 
Дарыгерлер Медициналык академиянын жана Билим берүү министрлигинин илимий кеңешинин мүчөлөрүнөн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди илимий даражаларынан ажыратууну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган сунуштун демилгечиси Айсулуу Атаканова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Акыркы окуяларга байланыштуу тергөө жүргүзүп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий даражаларын жокко чыгарууну суранам!
Ал илимий чөйрөнү, жүздөгөн профессорлордун жана миңдеген илимдин кандидаттарынын беделин түшүрдү. Кыргыз өлкөсүндө эгер окумуштуулар мындай кадам жасап жатса, диссертациялар менен илимий наамдар бир тыйынга деле арзыбайт. Министр учурдагы мыйзамдарды гана бузбастан медицинанын негизги мыйзамдарын жана мүмкүн болгон илимий жана этикалык нормаларды да бузган.
Кыргыз өлкөсүндө илимий жана академиялык чөйрө көз карандысыз, адилеттүү жана заманбап бойдон калууга тийиш. Илимий чөйрө бийликке баш ийбеши керек. Учурда укук коргоо органдары тарабынан адилеттүүлүккө ишенүүгө болбойт.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан мындай өзүм билемдикке жол бербөөнү суранам! Мындай жагдай кайра уланышы мүмкүн. Ар бир илимдин кандидаты адамдарга жаңы ууларды же дары-дармектерди колдонуп көрүүнү үйрөнүшөт", - деген Айсулуу Атаканова.
Белгилей кетсек, аталган демилгени далилдүү медицина жаатындагы белгилүү эксперт Бермет Барыктабасова да колдоду.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдирген.
"Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. Ал дары тууралуу видедон көрсөңүз болот", - деп жазган президент социалдык тармактагы баракчасына.

Постко тиркелген видеодо адамдар тунук затты бөтөлкөгө куюшат. Бөтөлкө этикеткаларында "Ысык-Көлдүн тамыры" деп жазылып турганын көрүүгө болот.

Бул видео жана билдирүү коомчулуктун кызыгуусун жаратып, талкууга алына баштады. Көпчүлүгү социалдык тармактагы баракчасына бул суусундукту ичүүгө болбой турганын, аны колдонуу өтө кооптуу экенин жазып чыгышты.

Талкуу жаратып жаткан уу коргошунду колдонуу жолу, кантип үчүү керектигин 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып, атүгүл ал тундурманы журналисттерге көрсөтүп ичти.

Айтымында, алар бул ичимдикти колдонуп 300 коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес.

Маалымат жыйындан кийин талкуу кайра күч алды. Мындан улам SUPER.KG порталы адис менен бул теманын тегерегинде маектешти. Окурман, маекти толук ушул шилтемени шилтеп кирип окуңуз.

Ал эми талкуу жараткан бул темадан кийин өздөрүн элдик дарыгер атаган табыптар бул өсүмдүккө карата маалыматтары менен бөлүшө баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
18.04.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Даана кемчонтой экенсиңер го. Уханьда кытайлар өздөрү традиц кытай медицинасы башк айтканда чөп даары менен даарыланышты го. Эми министрди эрмектебей эле койсоңор болмок.
18.04.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы натыйжа берсе эмнеси жаман,миллиондогон долларга Кытай, Россиянын вакцинасын алгандан коро уу коргошун мн жакшы боло берели да.
18.04.2021. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Уркунбаевдин интервьюсун уксанар ошол эле жэтиштуу жэткен адамга,Эн мыкты дарылардын баары табигый чоп чардан жасалат.....
18.04.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
modem4999, Кытайдын вакцинасына деле эч ким кепилдик бербейт.
18.04.2021. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биздикилерге чукутуп эле койсо.
18.04.2021. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул дарынын автору Садыр Жапаров болсо керек.
18.04.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Президент деле, министр деле элдин ден соолугуна куйуп ушундай ыкмаларды колдонуп, мумкунчулукко жараша аракет кылып атышат го? Башка мамлекеттин президенттери да ушундай идеяларын киргизип атышат го? "Башым аман болсо болсун кочугумду аюу жесин" деп, колубуздан эмне келмек эле деп президент дагы, министр дагы чумконуп жатып алса ушундай тепки жемек эмес! Ичи тар, короалбас, ээрчиме эл экенбиз!
"Садырин" деп тийишип аткандар ичинер толо бок экен..
18.04.2021. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Вируска каршы дары жасайбыз деп чет элден медик, фармаколог, лаборанттарды чакырып, мед.передовой технологияларды сатып алуу учун миллиондогон доллар кредит алып ишти башташ керек беле? Эгерде научный методду кааласанар? Ошондо да сасып чыгышмак Бекеш, Текешке окшогондор. Жата бергиле андай болбойт мындай болбойт деп, качан кытайдын вакцинасын жеп козунор чекчейгенге чейин.
18.04.2021. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чоп даары жакшы бирок министир эмес бир табып чоп мн элди даарылап жургон киши айтса болот эле саламаттыкты сактоо министири эмес
18.04.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизи Кыргызстандын абасы да дары. Жакшы эффект берсе анын неси жаман. Андан көрө колдойлу.
18.04.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кысып эле олтургулачы,озунор эле нени кыйраттынар,илимдуу болуп эле
18.04.2021. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чөп дары дабасын тап атса, анын нээси жаман, ичсин дарылансын, сакайсын, чыксын.
19.04.2021. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фармацевтика банкрот эгер бул чын болсо ошого кыйкырат булар,элди ойлосо даары кымбаттаганда маска кымбаттаганда кайда эле булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: