super.kg logo

Ханыша Елизавета II'нин күйөөсү ханзаада Филипптин сөөгү жерге берилди

 

Эдинбург герцогу, ханзаада Филипптин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, пандемияга байланыштуу жерге берүү зыйнатына жүздөгөн аскерлер жана падышанын үй-бүлө мүчөлөрү гана катышты.

"Коштошуу салтанатына АКШдан ханзаада Филипптин небереси ханзаада Гарри келди. Анын кош бойлуу жубайы Меган Маркл медицина кызматкерлеринин сунуштарынан улам тажыяга келе алган эмес. Коштошуу тажыясына ошондой эле ханзааданын бир тууганы Принс Уильям жана анын жубайы Кейт Миддлтон дагы катышты.

Табыттын артынан падышанын үй-бүлө мүчөлөрү — балдары жана неберелери басышты. Ханзааданын сөөгү Виндзор сепилиндеги Георгий чиркөөсүнө коюлду", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин жолдошу, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп 9-апрель күнү 99 жашында дүйнө салганы маалым болгон. Ал эки айдан кийин 100гө чыкмак.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун ханышасы Елизавета II'ге жолдошу — ханзаада Филипп Эдинбург герцогунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: