Ысык-Көлдө жеңил унаа оодарылып 19 жаштагы эки кыз каза болуп, дагы экөө ооруканада жатат




Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы эки кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрель күнү саат 13:30 чамасында болгон. Анда 1968-жылы туулган жаран Хонда-Одиссей унаасын башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып ала салып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары келе жаткан Кара-Талаа айылынын 2002-жылы туулган А.Н. жана К.Г. аттуу кыздар окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
KaGaH

19.04.2021. 10:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз кырылып бүтмөй болду жол кырсыгынан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.