super.kg logo

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы каза болду

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы 89 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мяликгулы Бердымухамедов 1932-жылы 12-августта төрөлгөн. Эмгек жолун китепканачы катары баштап, андан кийин башталгыч класстын мугалими болуп иштеген.

1958-жылдын июнь айынан 1982-жылга чейин Ички иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалап, подполковник наамы менен пенсияга чыккан жана ошондон бери мугалимдик кесипти аркалап келген. Ал Улуттук билим берүү институтунда, Педагогика илимдеринин илимий изилдөө институтунда жана Ашхабад шаарынын Билим берүү бөлүмүндө иштеген.

Анын ысымы борбор шаары Ашхабаддын №1001 аскер бөлүгүнө, ошондой эле борбор калаанын Ички иштер министрлигинин Чоганлы турак-жай комплексине берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: