super.kg logo

Токио шаары коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режимине кайтып келиши мүмкүн

 

Токио бийлиги эпидемиялык абалдын начарлашына байланыштуу шаарга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Токионун губернатору Юрико Коикэге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Мен өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сурануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жөнүндө буйрук бердим", - деген Коикэ.

Коикэ азыркы кырдаалда тезинен чечим кабыл алынышы керектигин баса белгилеген. Өткөн суткада Токиодо 543 жаңы коронавирус инфекциясы катталганы маалым болгон.

Аптанын башында Токиодо, өлкөнүн башка бир катар префектураларында сыяктуу эле коронавирустун жайылышына каршы чаралар күчөтүлгөн. Ага чейин ушундай кадамдар Хёго, Мияги жана Осака префектураларында жасалып келген. Экинчисинде, бийлик жаңы инфекция учурларынын кескин көбөйүшүнө байланыштуу чукул режимди киргизүүнү суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: