super.kg logo
  Спорт  

Бокс. Дүйнө чемпиондугу - 2013: Бүгүн, 18-октябрь күнү Азия чемпиону Азат Үсөналиев, Сергей Паренко жана Эрмек Сакенов рингге чыгат

 

Бүгүн, 18-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-күнүндө 52, 64 жана  91 килограмм салмактагы боксчулар экинчи беттештерин өткөрөт. Аталган салмак даражаларындагы кыргызстандык боксчулар Азат Үсөналиев (52 кг) менен Сергей Паренко (91 кг) чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча мелдешти 2-турдан баштамай болгон. Ал эми Эрмек Сакенов (64 кг) биринчи беттешинде Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Дэвис Зак аттуу боксчуну жеңген. Ал бүгүн ирландиялык Раймонд Моллетт менен беттешет. Ошондой эле быйыл Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү Азат Үсөналиев молдовалык Рыкшан Александрос менен беттешсе, ошол эле мелдеште коло медаль тагынган Сергей Паренко даниялык Жим Андрисенге каршы беттешет. Беттештер 14:00дө башталат.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.10.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалаймын жениш менен келгиле.
18.10.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: