Сузакта дарыядан 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерден сүрөттөр





Кечээ, 18-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында сууга чөгүп кеткен 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Көк-Арт дарыясына 2008-жылы туулган кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.