Дүйнөдөгү эң чоң айсберг эрип кетти

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг делинген A-68 эрип, көптөгөн майда бөлүктөргө бөлүнүп калды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
2017-жылы июль айында Антарктикадагы A-68 айсбергинин аянты 5 миң 800 чарчы чакырымды түзгөн.
АКШнын Улуттук муз агенттиги спутниктен тартылган майда бөлүктөргө бөлүнгөн айсбергдин сүрөтүн жарыялаган. Айсберг эрип баштагандан кийин аны суунун агымы жана катуу шамал түндүк тарапка жылдырган.
Көпчүлүк окумуштуулар A-68дин эрип кетишин табигый процесс катары баалап, климаттык кризиске түздөн-түз байланыштуу эмес деген ойлорун айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:45
2025-07-02
9:26
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.