super.kg logo

Нариман Түлеев: "Эмгек" партиясын дагы Бишкек шаардык кеңешине жарыштан четтетиш керек"

 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, "Ак-Бата" партиясы менен шаардык кеңешке шайлоого катышкан Нариман Түлеев КЭДП партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын пикиринде "Эмгек" партиясын дагы Бишкек шаардык кеңешине жарыштан четтетиш керек болчу.

"КЭДП партиясынын жарыштан четтетилгенин таң калуу менен кабыл алдым. Адилеттүү чечим болдубу же жокпу билбейм. Бирок менин жеке пикиримде "Эмгек" партиясын дагы четтетиш керек болчу. Ар бир шайлоого катышкан талапкер алар үй комитеттеринин жетекчилерин (домком) массалык түрдө сатып алганын тастыктап берет. Мындан сырткары тамак-аш каражаттарын таратышты, көчмө добуш берүүдө пенсионерлерге кайсы партияга добуш берүүнү айтып жатышты.

Буга кошумча "Дордой" базарында патент алгандардын саны дароо кескин көбөйдү. Бул дагы добуш сатып алуу фактыларын кыйыр түрдө далилдейт.

"Эмгек" партиясына карата чара көрүлбөсө шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өттү деп эсептейм. "Ак Бата" партиясы "Эмгек" партиясын жарыштан четтетүүнү талап кылат. Эгерде шайлоонун бүтүндөй жыйынтыгы жокко чыгарыла турган болсо "Эмгек" партиясын кайра шайлоого катыштырбоо керек", - деп жазган Түлеев.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өттү. Алар:

"Эмгек" - 13,87 пайыз;
"Ак Бата" - 12,15 пайыз;
КЭДП - 10,70 пайыз;
"Ата-Журт Кыргызстан" - 9,63 пайыз;
"Ынтымак" - 8,34 пайыз;
"Биздин эл" - 7,73 пайыз.

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы кечээ, 18-апрелде КЭДП партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.04.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак батаны да алар да добуш сатып алышты
19.04.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман кайсы бети менен саяасатта журот?ушул немени тааныган билгендин баары эле аяабай начар дейт.аяабай согунуп суйлойт адамды басынтып согунот,саламдашуга кол сунса колун бербейт.жонокой адамдарды адам катары корбойт ещё олгондой жмот!
20.04.2021. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун деле сатып алдынго калп эле ак боло берет
20.04.2021. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайта эле баягылар. Баягылардын да баягылары келип жатышат го. Жаштар жаны адамдар келет деп айтылбады беле. Эмне болду анан. Болбой калдыбы. Кайра эле акчалуулар келип жатпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: