super.kg logo

Ошто дагы бир мектептин окуучуларынан COVID-19 аныкталып, карантинге жабылды

 

Ош шаарында дагы бир мектептин окуучуларынан коронавирус инфекциясы аныкталып, билим берүү жайы карантинге жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, окуучулардын коронавирус илдети менен жабыркап жатканы аныкталган мектептер автоматтык түрдө карантинге жабылат.

"Шаардык штабдын жыйыны болуп, анда Исхак Раззаков атындагы мектептин окуучуларынан COVID-19 илдети аныкталып, окуу жай 14 күнгө жабылганы белгилүү болду. Ал эми окутуу онлайн режимде улантылат.

Вице-мэр Эмил Шадыханов билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин жыйын учурунда баса белгиледи. Ал коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, профилактика жаатында иш алып баруу маанилүү экенин айтты", - деп кабарлашты мэриядан.

Буга чейин Олимп жана Жетиген мектептеринин 3 окуучусунан коронавирус илдети аныкталып, 14 күнгө карантинге жабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: