"Көрүстөндөгү мүрзөнүн курулуштарын бузган". Чүйдө вандализм фактысына шектелип 18 жаштагы жаран кармалды
Чүй облусунун Сретенка айылында вандализм фактысына шектелип, 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар аталган аймакта жайгашкан көрүстөндөрдүн бириндеги мүрзөнүн курулуштарын жана эстеликтерин бузуп кетишкени тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган бала кармалган. Учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Taalaibek.

19.04.2021. 20:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуштудай кызык жанылык экен! Бала экени корунуп турат го. Аты жонун эмнеге жазышпайт?
nazira...

19.04.2021. 21:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркпой кантип кирип алып чыкты экен. Аны алып барып кайра сатабы эмне? Бул да болсо жокчулуктун айынан да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.