Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы КЭДПнын жарыштан четтетилиши боюнча: "Эскертүү шайлоого чейин берилет"
Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы кечээ, 18-апрелде кабыл алган.
Партиянын мүчөлөрү буга каршы экенин билдиришип, маалымат жыйын беришти. Анда алар жок дегенде эскертүү берилиши керек болчу деген пикирлерин айтышты.
Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов SUPER.KG порталына алардын Борбордук шайлоо комиссиясына арызданганга укугу бар экенин билдирди. "Эскертүү шайлоого чейин берилет. Шайлоодон кийин эскертүү берилбейт", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:12
2021-11-26
22:36
2021-11-25
10:47
2021-07-13
10:00
2021-07-12
22:35
2021-07-11
22:00
2021-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.