super.kg logo

Нигерияда бензин ташуучу цистерна жарылып, 12 адам каза болду

 

Нигериянын түштүк-чыгышындагы Бенуе штатында бензин ташуучу цистерна жарылып, кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Улуттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо уюмунун Бенуе штаты боюнча координатору Якуб Мохаммед кырсык Ошигбуду-Обагажы унаа жолунда болгонун билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен каза болгон 12 адамдын үчөө аял киши, бирөө ымыркай болгон. Жаракат алып, ооруканага жеткирилгендердин арасында абалы оорлору да бар. Мындан улам каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Цистернанын жарылуусу жакын жердеги үйлөргө жана имараттарга зыян келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: