super.kg logo

Кытай вакцинасы менен эмделген жарандардын абалы кандай экени айтылды

 
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардын абалдары канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, SinoPharm вакцинасын алгандардын айрымдарында гана 1-2-күндөрү төмөнкүдөй белгилер байкалган.
Баш оору, дене табынын жогорулашы, ийне сайган жердин ооруусу, алсыроо, баш айлануу (жеңил), чыйрыгуу, кускусу келүү, кан басымы жогорулоо, тамактын ооруусу.
"Эмдөө алгандардын саламаттыгына мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты оор жана күтүлбөгөн жагымсыз реакциялардын көбөйүшүн өз убагында аныктоо жана белгилөө жолу менен бейтаптын коопсуздугун коргоо", - дешет мекемеден.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: