Баткенде "Салттуу музыка күнү" жана эл аралык "Достук" фестивалы өтөт

Фестивалга Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.
23-апрелде саат 10:00дө:
А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш-чаранын расмий ачылышы башталат. Аны менен катар Бишкек шаарында “Коомдук руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.
Саат 11:00-17:00гө чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);
24-апрель күнү (А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театры):
Саат 10:00-13:00гө чейин – “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз);
Саат 14:00-17:30гө чейин - “Аваздык аспапчылык” багыт (ашыктык , раман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу);
Саат 17:30-19:00гө чейин – Аспапчылык жана аваздык аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек стол.
25-апрель күнү (Баткен шаарынын борбордук аянты):
Саат 09:30-10:00гө чейин - Улуттук кийимдердин парады;
Саат 09:30–18:00гө чейин - Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө жарманкеси;
Саат 10:30 “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалынын Гала концерти өтөт.
Мындан сырткары 23-25-апрель күндөрү Маданият министрлигине караштуу балдар музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда “Салттуу музыка жумалыгына” карата ар кандай багыттагы иш-чаралар өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.