Бишкектеги Орус драма театрынын мурунку жетекчиси боюнча сот иши 29-октябрга жылдырылды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 18-октябрда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьёвдин ишин кароону 29-октябрга жылдырды. Буга айыпталуучунун сот залына алынып келинбегени себеп болгону айтылды. Судья Абдразак Боронбаевдин айтымында, тийиштүү буйруктун жоктугунан айыпталуучуну конвой сотко алып келген жок. Ал эми Воробьёвдин жактоочусу 3 апта мурун кардары ден соолугуна байланыштуу №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына которулганын билдирди.
Айта кетсек, Воробьёв кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу бир нече берене боюнча айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

