super.kg logo

Түнкүсүн телефон кароо рак илдетинин пайда болушуна алып келет

 

Учурда смартфонсуз жашоону элестетүү кыйын. Күнү-түнү жанынан чыгарбай, басса, турса да колунан телефон түшпөгөн, атүгүл уктаар алдында да телефонду чукулап жаткан адамдарда рак илдетине чалдыгуу коркунучу жогору. Мындай маалыматты окумуштуулардын билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, Барселона институтунун окумуштуулары 2000 киши катышкан изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашты. Анда белгилүү болгондой, телефондон чыккан көгүлтүр нур рак илдетинин пайда болушун 60 пайызга жогорулатат. Өзгөчө түнкүсүн телефондун нурунун зыяндуулугу жогорку чекте болот. Андыктан түнкүсүн телефонду кароо менен адамдын ден соолугу кооптуу абалда болот. Бул зыяндуу нур өзгөчө ичеги-карын рагынын өрчүшүнө алып келет. Андан сырткары телефондун көгүлтүр нуру уйкуга жооп берген мелатонин гормонунун иштөөсүн начарлатат. Мындан улам адамда уйкусуздук күч алып, толук кандуу уйкудан кур калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
20.04.2021. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишенгим келбейт ! Жоооок!!!
20.04.2021. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туурабы айтат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: