Бишкекте жоогазынды үзүп жатканы видеого түшүп калган жарандар аныкталды. Алар телефон уурдоого шектелүүдө

Маалым болгондой, 19-апрелге караган түнү саат 00:55 чамасында укук коргоочулардын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жабырлануучунун телефонун тартып алганы кабарланган.
"Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда, 1993-жылы туулган жаран уюлдук телефонун жана акча каражатын тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1994-жылы жана 1997-жылы туулган жарандар кармалды.
Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене ("уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Белгилей кетсек, ушул эле жарандар Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жоогазындарды үзүшкөн", - деп маалымдашты мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Belek1710

19.04.2021. 22:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбандар, молодец кыз экен коркпой тартып жаткан.
Guliza85

19.04.2021. 23:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мал дагы жок дегенде эт сут берип пайда келтирет.Бул макоолордун битчелик да пайдасы жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.