super.kg logo

Казакстанда музыкалык мектептин завучу Тик-Токтогу видеосу үчүн жумуштан айдалды

 

Казакстанда музыкалык мектептин завучу Tик-Токтогу видеолору үчүн жумуштан айдалды. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, жумушунан бошотулган айым Түштүк Казакстан облусунун Теректи районундагы музыкалык мектепте эмгектенчү. Ишинен кол жууган Сандугаш Бисенгалиева бул ишке директорду айыптап, иштен алуу мыйзамсыз деген. Ал кызматтан бошотулушунун бирден бир себеби Tик-Токтогу видеосу экенин айтып, облустук эмгек инспекциясына арыз менен кайрылган. Сандугаш Бисенгалиеванын айтымында, видеодо эч кандай адепсиз же мугалимдерди кемсинткен белгилер жок. Ошондой эле анын тиркемедеги баракчасына кирүүгө чектөө бар экенин, анын тарткан видеолорун директор атайылап алып, ар кайсы топторго таратканын кошумчалаган.

Ал эми мектеп директору завучту бир нече жолку эскертүүлөрдөн кийин иштен бошотконун билдирген. Айтымында, Сандугаш Бисенгалиеванын видеолору педагогикалык этикага каршы келет. Ага 5 ай мурда эскертүү, андан кийин сөгүш берилген. Бирок завучтун эскертүүлөргө баш ийбегени иштен алууга түрткү болгонун белгилеген.

Маалыматта айтылгандай, бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: