super.kg logo
  Саясат  

Министр Кудайберген Базарбаев Социалдык коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 
КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев өлкөдөгү социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 18-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстан ар бир жаран социалдык укукка ээ боло турган адилеттүүлүк багытына өткөнүн белгилеген министр: "Жашоонун азабын чеккен миңдеген кыргызстандыктар — томолой жетимдер, аз камсыздалгандар, карылар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сиздерден колдоо көрөт жана жардам алат. Бул кесиптин ээлери бүтүндөй өлкө элинин адамдык кадырын жана потенциалын караган киши болуп саналат. Бүгүн коомду өнүктүрүү адистеринин майрамын белгилеп жатабыз. Өнүгүүнүн натыйжасында Кыргызстан модернизация багытында өзүнө ишенүү менен бара жатат. Ошондой эле социалдык өнүгүү кызматкерлеринин дасыккандыгы өлкөнүн бакубат жашоосуна чоң салым кошот",- деди ал.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: