super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы тургундарды конок чакырбай, конокко барбай турууга чакырды

 

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 117 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 102 адамдан коронавирус илдети аныкталса, башка региондон келгендерден 15 адамдан илдет тастыкталган.

Бишкек шаары боюнча:

Ленин району - 20;

Свердлов району - 18;

Биринчи Май району - 21;

Октябрь району - 43.

Ал эми башка региондон келгендердин ичинен 15 адамдан илдет аныкталды.

"Кечээ 32 адам ооруканага жаткырылды. Амбулатордук түрдө дарылангандардын саны - 85.

Конокторду чакырууну, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү токтото тургула. Өзүңөр дагы конокко барбай тургула. Аралыкты сактап, санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз", - деп билдирди Айнагүл Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: