Аскар Бешимов: "Өзбекстан Камбар-Ата 1 ГЭСинин техникалык негиздерин аныктоого катышуудан баш тартты"
18-октябрдагы брифингде тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов "Өзбекстан Камбар-Ата 1 ГЭСинин техникалык параметрлерин аныктоого катышуудан баш тартты",- деп айтты. Ал билдиргендей, быйыл ГЭСтин курулушу боюнча Нарын дарыясы боюнча коңшу өлкөлөр боюнча 4 тараптуу жолугушуулар өттү жана анда ГЭСтин техникалык параметрлерин аныктоо боюнча сүйлөшүү жүрдү. "Чакыруу жөнөткөнүбүзгө карабай Өзбекстан бул жолугушууларга катышкан жок. Буга байланыштуу өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйынын өткөрүүнү сунуштайбыз",- дейт Бешимов.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, буга чейин Өзбекстан бир нече жолу Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна каршы экендигин билдирип келген. Жакында эле аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында муну дагы бир жолу тастыктаган. Анда ал: "Бизди Тажикстандагы жана Кыргызстандагы жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Аму дарыянын башында жайгашып, плотинасынын бийиктиги 350 метр болгон Рогун ГЭСи жана Сыр дарыянын башынан орун алып, бийиктиги 275 метр болгон Камбар-Ата 1 ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке ашуусу артынан коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

