super.kg logo
  Саясат  

"Кайсы мамлекеттик орган "чемпион" болду?" Депутат башкы прокурордон коррупциялашкан органдар тууралуу сурады

 

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурордун отчёту каралды. Анда депутат Жыргалбек Турускулов кайсы мамлекеттик орган коррупциялашканын сурады. "Кайсы мамлекеттик орган коррупция боюнча "чемпион" болду. 1-2-3-орунду айтып коёсузбу", - деди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт жана жол министрлиги, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коррупцияга байланыштуу сап башына чыккан. Бул мекемелер жарандар менен көп иштеше турганын белгиледи. "Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп, эл менен иштейт. Коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бүгүнкү күндө жашыруун эмес, бардык органдар коррупциянын сазына баткан", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: