Кыргызстанда 307 ак илбирстин 129у Ысык-Көл облусунда жашайт
Кыргызстанда учурда 307 ак илбирс бар, анын 129у Ысык-Көл облусунда жашайт. Бул тууралуу 18-октябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Чүй жана Жалал-Абад облустарында 52ден, Ош жана
Баткен облустарында 27ден, Таласта 24, Нарын облусунда 23 илбирс жашайт. Негизинен илбирстер Тескей Ала-Тоо, Кыргыз Ала-Тоо, Талас Ала-Тоо, Чаткал, Кашкаал-Тоо, Фергана жана Алай
тоолорун байырлашат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

