super.kg logo

СУРАМЖЫЛОО: "Дарылыгы бар дешет, бирок мен ичмек эмесмин". Уу коргошун боюнча сиздин оюңуз кандай?

 

Дүйнөнү каптаган коронавирус инфекциясынан айыгуу үчүн Кытай, Орусия жана башка мамлекеттер бир жылдан бери текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарын сунуштап келе жатышат.

Өткөн аптада кыргыз бийлиги күтүүсүздөн "ушул оруудан 4-5 күн ичинде айыктыруучу дары таптык" деп маалымдашкан. Кийинчерээк ал уу коргошун экени белгилүү болду.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, камера алдында уу коргошунду ичип көрсөткөн. Ошол замат интернет айдыңына тараган маалымат чоң талкуу жаратты. Кээ бирлери "ата-бабалардан калган дарыны колдонууну туура көрөм" десе, башкалары өлүмгө алып келген ууну бийлик элге сунуштаганы туура эместигин билдиришти.

SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзүп, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Кыргыз өлкөсүндө гана бар болсо, колдонуп калыш керек", "Менин уу коргошун тууралуу маалыматым жок", "Уу коргошунду туура эмес ичип, каза болсо ким жооп берет?", "Уу коргошундан кыргыз эли айыкса, башкалар бизден сатып алып, балким, тышкы карыздардан кутулабыз" дешет калаа тургундары.

Кененирээк видеорепортаждан көрүңүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.04.2021. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Каалоочулар колдоно берсин да. Эч ким бирөөнүн оозуна зордоп куйбай аткандан кийин. Кыргыздар бөрк ал десе, баш кескен калкпыз да. Сүйүнгөндүн ордуна бирөөнү чукуганды жакшы билебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: