super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде коронавирустан 13 миңден ашык адам каза болду

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 142 миллион 610 миң 94 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 81 миллион 665 миң 1 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 40 миң 790 адам (+13608) илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 21-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 791 миң 174 болду. 568 миң 449 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 15 миллион 321 миң 89 адамдан аныкталды. 180 миң 530 адам каза болсо, 13 миллион 108 миң 582 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 433 миң 76 адам вируска кабылган. 378 миң 3 бейтап көз жумса, 12 миллион 393 миң 268 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: