super.kg logo

УКМК пара талап кылуу фактысы боюнча эки тергөөчү кармалганын маалымдады

 

Бишкекте опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жана Аламүдүн РИИБинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн А.К. аттуу кызматкери менен Аламүдүн РИИБинин Д.Б. аттуу кызматкери өз кызыкчылыктары үчүн бир жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.

"Жогорудагы кызматкерлер сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече алышпагандыктан, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн кысым кылган жаранга 1 миң 500 долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 долларын кайтарып берүү учурунда Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү кармалды", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "опузалап пара алуу" менен катталып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: