super.kg logo

Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров кылмыш ишине күнөөлүү деп табылып, 265 миң сом айып пул салынды

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таировдун ишине байланыштуу соттук отурум өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 21-апрелиндеги өкүмү менен ал кылмыш ишине күнөөлүү деп табылды.

"Ошондой эле ага карата мамлекеттин бюджетине 265 миң сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул төлөөгө чечим чыкты", - деп билдиришти аталган соттун маалымат кызматынан.

Эске салсак, Бакир Таиров 2020-жылдын 10-декабрында акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Тергөөгө ылайык, ал Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.

2021-жылы февраль айында ал мамлекеттин бюджетине 14 миң доллар төлөгөн.

Кийин ал сотко чейин өндүрүш иши аяктаганга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
21.04.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Миллиондорду жеп туруп 10-15%тин мамлекетке төгүп калганы менен жыргал жашоодо жашай берсе болот турбайбы.
21.04.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
14млн.$ төктүрүүш керек эле
21.04.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
265 мин буларга копекада кобуроок толотуш керек эле 265минди тоок урдаганда толп коет азыр
21.04.2021. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр кыргызстанда эптеп эле чон кызматка барыш керек,талап тоноп жеш керек.Эгер билинип калса бир миллион жесен ошонун 50 же 100 минин толоп берсен болду суттон ак болуп чыга келет экенсин.Откондо журот эле бир жерде,бироо улак уурдаптыр.Эки балам эт деп ыйлаганынан уурдадым деп.Ал байкуш кетти 2 жыл 4 айга.Ушул адилеттуулукпу?Аа жузунор курусун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: