Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгына кабылган эки унаанын тең айдоочулары ооруканага жеткирилди
Бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаарындагы Дооронбек Садырбаев (Баха) көчөсүндө BMW менен Lexus унааларынын сүзүшкөндүгү кабарланган. Ал эми патрулдук милиция эки унаанын айдоочулары ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
"Болжол менен саат 09:20 чамасында Баха көчөсү менен Шорсе көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus үлгүсүндөгү автоунаа менен BMW үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2 айдоочу тең ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти патрулдук милициядан.
"BMW менен 570". Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды
Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-08-11

14:37
2025-08-09
17:17
2025-08-08

17:14
2025-08-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.